Марал Радиосу

Кыргызстан менен Тажикстан ок атышууну токтотууну макулдашты

Кыргызстан менен Тажикстандын УКМК жетекчилери Камчыбек Ташиев жана Саймумин Ятимов саат 16:00дө ок атышууну токтотууну макулдашты.

Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматы кабарлады.

Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда жабыркагандардын саны саат 15:00гө карата 42ге жетти. Анын ичинен 19 жабырлануучу Баткен облустук бириккен ооруканасында, 18и Лейлек райондук ден соолукту чыңдоо борборунда, дагы 5 адам Лейлек райондук ден соолукту чыңдоо борборунан Бишкек шаарындагы саламаттыкты сактоо уюмдарына жеткирилген.

Жабырлануучулардын абалы жана диагнозу тууралуу маалымат бериле элек.