Республикалык кан борбору жарандарды кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда жараат алгандар үчүн кан берүүгө чакырды.
Кан берүүнү каалаган тургундар Бишкектеги жана облустардагы кан борборлоруна тапшыра алат. Ал үчүн жанында паспорту, же аты-жөнүн тастыктаган айдоочулук күбөлүгү же аскердик билети болушу керек.
Бишкектеги Республикалык кан борбору Чыңгыз Айтматов проспектисинде жайгашкан. Дүйшөмбүдөн жума күнгө чейин саат 08:00-14:00 аралыгында иштейт. Ал эми ишемби күнү 08:00-12:00.
Саат 13:00гө карата кыргыз-тажик чек арасындагы айылдарга Тажикстан тараптын оор согуштук техникалар менен кол салуусунда жабыркагандардын саны 31ге жетти.