Марал Радиосу

Кыргыз-тажик ТИМ башчылары чек арадагы абалды талкуулады

Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Тажикстандын тышкы иштер министри Сирожиддин Мухриддин менен чек арадагы акыркы кырдаалды талкуулады. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Бүгүн, 16-сентябрда тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен Тажикстандын тышкы иштер министри Сирожиддин Мухриддиндин ортосунда кыргыз-тажик тилкесиндеги кырдаалды жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүлөр болду.

Кыргыз тарап чек арадагы көйгөйлөрдү саясий жана дипломатиялык жол менен гана чечүү зарылдыгын дагы бир жолу белгиледи.

Министр Кулубаев чек ара аймагындагы оор кырдаалды жөнгө салуу үчүн министр Мухриддин менен дайыма байланышта болот.

Баткен: чек арадагы соңку кырдаал боюнча тексттик трансляция (жаңыланууда)