Марал Радиосу

Чек ара: Тажикстандын чек арачылары дагы бир аймакта ок чыгарды

Бүгүн, 14-сентябрь саат 14.00гө карата Баткен районунун Как-Сай жерлигинде Тажикстандын чек арачылары Кыргызстандын чек арачыларына карата ок чыгарды.

Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан кабарлашты.

Баткен чек ара отрядынын «Достук» чек ара тозотунун чек арачыларын көздөй ок чыгарышкан. Кыргыз чек арачылары жооп кайтарып ок чыгарышты. Ок атышуу уланууда.

Маалымат толукталат.

Чек ара: Кыргызстандын эки аскери жараат алды