Марал Радиосу

Балбан Жоламан Шаршенбеков дүйнө чемпиону болду

Кыргызстандык балбан Жоламан Шаршенбеков Сербияда өтүп жаткан грек-рим күрөшү боюнча дүйнө чемпионатында алтын медаль утту. Ал 60 кг салмакта мелдештин 1/8 финалынан баштап катышты.

Алгачкы атаандашы венгриялык Кристиан Кечкеметини 8:0 эсебинде мөөнөтүнөн мурда утуп алды. Ал эми чейрек финалда АКШлык балбан Ильдар Хафизов менен күчүн сынап, далысын басып, таза жеңишти камсыздады.

Жарым финалда Жоламан казакстандык Айдос Султангали менен күрөшүп, 7:0 эсебинде утуп, финалга чыкты.

Финалдык беттеште Шаршенбеков болгариялык Эдмонд Назарянды 11:2 эсебинде жеңип, грек-рим күрөшү боюнча дүйнө чемпиону болду.

Акжол Махмудов: Кыргыз күрөш мектеби эмнеге жөндөмдүү экенин көрсөттүм