Марал Радиосу

Журат Абдуллаевдин акчасы бюджетке, куралдары министрликке өткөрүлдү

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети эс алуу борборлорунун биринин ээсине козголгон кылмыш ишинин алкагында республикалык бюджетке 800 миллион сомдон ашык акча каражаты которулганын кабарлады.

Мурда маалымдалгандай, УКМК тарабынан тиешелүү кылмыш ишинин алкагында эс алуу борборлордун ээлеринин бири Ж.А. аттуу жаранга карата куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү фактысы боюнча тергөө иштери жүргүзүлгөн.

Тергөөнүн жүрүшүндө алынган тиешелүү экспертизанын корутундусу мурда Ж.А. га карата Кылмыш-жаза кодексинин 267-беренеси (Куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү) боюнча коюлган айыпты тастыктады.

Ошол эле учурда, тергөөнүн жүрүшүндө айыпталуучу Ж.А. демилгеси менен ага коюлган кылмышты мойнуна алуу боюнча келишим түзүлгөн. Тергөө амалдары аяктап, иштин материалдары Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотуна өткөрүлүп берилди.

12-сентябрда Биринчи май райондук сотунун өкүмү менен Ж.А. күнөөлүү деп табылып, жаза катары 100 000 сом айыппул төлөө каралды.

Аталган иштин алкагында Ж.А. келип чыгышын тастыктай албаган улуттук жана чет элдик валютадагы жалпы суммасы 800 млн сомдон ашык акча каражаты, ар кандай курал-жарактар, ок-дарылар жана согуштук техникалар алынган.

Тергөөнүн жана сот өндүрүшүнүн жыйынтыгы менен алынган курал-жарактар, анын ичинде аңчылык куралдары, техникалар Ички иштер министрлигинин карамагына өткөрүлүп берилди. Ал эми 800 млн сомдон ашык суммадагы акча толук бюджетке которулду.

Атайын кызмат 22-августта «Үмүт жана Ко» компаниясынын тең ээси, ишкер Журат Абдуллаевдин иш бөлмөсүнөн ири суммадагы акча каражатты табылгандыгын билдирген.

УКМК: Журат Абдуллаевдин иш бөлмөсүнөн 822 миллион сом табылды