Марал Радиосу

Польшадан адам өлтүрүүгө шектелген жаран Кыргызстанга алып келинди

Польшадан адам өлтүрүүгө шектелген айыпталуучу Кыргызстанга алып келинди. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Польшанын Юстиция министрлиги тарабынан Кыргызстандын Башкы прокуратурасынын Н.К.Д. аттуу жаранды кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартуу үчүн өткөрүп берүү жөнүндө суроо-талабы канааттандырылган. Ал 2011-жылы Жалал-Абад облусунун Сузак районунда өзгөчө мыкаачылык менен адам өлтүргөндүгү үчүн айыпталууда.

Эл аралык издөөнүн фигуранты 11 жылдан ашуун изин жашырып, жасалма паспортту колдонуп Украинанын жана Түркиянын аймагында качып жүргөн.
10-сентябрда Башкы прокуратуранын тапшырмасынын негизинде Ички иштер министрлигинин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан айыпталуучу Польшадан Кыргызстанга алып келинди.

Издөөдө жүргөн адамды экстрадициялоо иш-чарасы 6 айдын ичинде жүзөгө ашырылып, Польшанын ыйгарым укуктуу органдарынын, ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын жана Интерполдун Кыргызстандагы Улуттук борбордук бюросунун кызматкерлеринин, ошондой эле Кыргызстандын Польшадагы консулу Януш Кшивошинскийдин макулдашылган иш-аракеттеринин жыйынтыгында мүмкүн болгон.