Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында “SOS — Балдар айылы Чолпон-Ата” программасынын 20 жылдыгы белгиленди. Ага Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Асель Чынбаева катышты.
Иш-чарага Кыргызстан, Орусия, Армения, Беларусь жана Өзбекстандан тарбиялоочу энелер да келди.
Асель Чынбаева мамлекет тарабынан оор кырдаалга кабылган балдардын жашоосун жакшыртууга бардык аракеттер көрүлүп жатканын, балдарды колдоо боюнча ченемдик-укуктук актылар кабыл алынып жатканын белгиледи.
Маалыматка караганда, “SOS айылынын” ишмердүүлүгүнө каржылоонун 50% мамлекет тарабынан бөлүнөт. Фостердик мекемелерди түзүү боюнча адистерди окутуу иштерине көп көңүл бурулууда.
Белгилей кетсек, учурда дүйнөнүн 134 өлкөсүндө 500дөн ашык “SOS — Балдар айылы” курулган. Кыргызстанда эки “Балдар айылы” бар.