Марал Радиосу

Ош облусунда 15 мугалимге жер тилкеси берилди

Бүгүн, 26-августта билим берүү кызматкерлеринин Ош облустук август кеңешмеси өттү. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, облус башчысы Зиядин Жамалдинов тарабынан Ош облусундагы билим берүү тармагынын 15 кызматкерине турак жай куруу үчүн жер тилкелерин алууга сертификаттар берилген.

Мындан сырткары, «Алтын Тамга», «Алтын сертифкат» жана республикалык олимпиада жеңүүчүлөрүнө, алар окуган орто мектептерге жана билим берүү тармагынын өнүгүүсүнө салым кошкон мугалимдерге акчалай сыйлык жана ардак грамоталар тапшырылды.

Ошондой эле, Ош облусундагы мыкты «Мектеп» жана «Бала бакчалар» аныкталып, президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов тарабынан 10 миң сомдон акчалай сыйлык жана диплом менен сыйланышкан.