Марал Радиосу

Айыл чарба жана энергетика министрлигинин ишмердүүлүгү каралды

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун төрагалыгы астында Президенттик администрациясынын коллегиясы өттү. Коллегиянын жүрүшүндө мамлекеттик органдардын ишин баалоо методикасы сунушталды.

Анын негизги принциби катары бирдиктүү жоопкерчилик саналат. Белгиленгендей, мындан ары иш-чараны аткарууга тартылган мамлекеттик органдар бирдей жоопкерчилик алат.

Андан соң коллегияда Айыл чарба министрлигинин жана Энергетика министрлигинин ишмердүүлүгү каралды.

Ошондой эле Министрлер кабинетинин төрагасы ушул жылдын 10-декабрына чейин бардык аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын ишинин жыйынтыгы ушундай эле жол менен чыгарыла тургандыгын белгиледи.

Министрлер Кабинетинин башчысы кошумчалагандай, оозеки тапшырмалардын да аткарылышын көзөмөлдөөгө кошумча мүмкүнчүлүк пайда болгонун эске салды.