Биз менен байланышыңыз

Айыл чарба жана энергетика министрлигинин ишмердүүлүгү каралды

Кыска кабар | 19 Авг 2022 | 447 | 1

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун төрагалыгы астында Президенттик администрациясынын коллегиясы өттү. Коллегиянын жүрүшүндө мамлекеттик органдардын ишин баалоо методикасы сунушталды.

Анын негизги принциби катары бирдиктүү жоопкерчилик саналат. Белгиленгендей, мындан ары иш-чараны аткарууга тартылган мамлекеттик органдар бирдей жоопкерчилик алат.

Андан соң коллегияда Айыл чарба министрлигинин жана Энергетика министрлигинин ишмердүүлүгү каралды.

Ошондой эле Министрлер кабинетинин төрагасы ушул жылдын 10-декабрына чейин бардык аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын ишинин жыйынтыгы ушундай эле жол менен чыгарыла тургандыгын белгиледи.

Министрлер Кабинетинин башчысы кошумчалагандай, оозеки тапшырмалардын да аткарылышын көзөмөлдөөгө кошумча мүмкүнчүлүк пайда болгонун эске салды.

1 пикир

1 пикир

  1. Гулжемиш Термечикова

    20.08.2022 13:36

    Айыл чарба министр эч кандай иш алып барган жери жок.Кана жаз куз дыйкандар аябай кыйналат Эгер Эдди ойлосо жер жерлерге трактор комбайн дегендерди кредитке берсе болот беле.Ойлоп да койбойт

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM