Марал Радиосу

Төрөбаев Азербайжандын президентин Кыргызстанга чакырды

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаевди Баку шаарында Азербайжандын президенти Ильхам Алиев кабыл алды.

Жолугушуу Кыргызстан менен Азербайжандын ортосундагы Экономикалык жана гуманитардык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын 4-жыйынынын алкагында өттү.

Тараптар президент Садыр Жапаровдун ушул жылдын 19-20-апрелинде Азербайжанга болгон расмий сапарынын жыйынтыгында жетишилген макулдашууларды ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулады.

Ошондой эле эки тараптуу кызматташтыктын ар кыл багыттары, анын ичинде соода-экономикалык, транспорт-логистикалык, инвестициялык, соода-техникалык жана гуманитардык кызматташтыктын келечеги боюнча пикир алышышты.

Төрөбаев Ильхам Алиевге президент Садыр Жапаровдун саламын жеткирип, Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келип кетүүгө чакырды.