Марал Радиосу

Быйыл жети айда ИДПнын көлөмү 425 млрд сомду түздү

Быйыл 7 айда алдын ала эсептөөлөр боюнча ички дүң продукциянын көлөмү 425 млрд сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 2021-жылдын январь-июлуна салыштырмалуу ички дүң продукциянын көлөмү 7,7%га өскөн.

«Кумтөр» кенин иштетүү боюнча ишканаларды эсепке албаганда, үстүбүздөгү жылдын 7 айында ИДПнын көлөмү 393 миллиард сомду түзүп, 4,7%га өстү.