Марал Радиосу

«Улуттук банк жөнүндө» мыйзамга кол коюлду

Президент Садыр Жапаров  «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык мыйзамына кол койду. Бул тууралуу  президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Мыйзам ушул жылдын 30-июнунда  Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Мыйзам Улуттук банктын укуктук статусун, максатын жана негизги милдеттерин, ишин уюштуруу тартибин, кызматтарын жана ыйгарым укуктарын аныктайт.

Мыйзам башка нерселер менен бирге төмөнкүлөрдү камтыйт:

— Улуттук банктын милдеттүү резервдеринин эсебинен уставдык капиталын көбөйтүү;

— Улуттук банктын туунду жана ассоциацияланган компанияларына Улуттук банк тарабынан насыяларды/займдарды берүү мүмкүнчүлүгү;

— Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жоболорун аткаруу үчүн Улуттук банктын функционалдык, уюштуруучулук жана финансылык өз алдынчалыгы жөнүндө жоболор такталган.