Марал Радиосу

Акыйкатчы Камил Рузиевдин кылмыш иши боюнча тынчсыздануусун билдирди

Акыйкатчы укук коргоочу Камил Рузиевге карата кылмыш ишинин уланып жатканына тынчсыздануусун билдирди. Каракол шаардык сотунда Кылмыш кодексинин (мындан ары КР ЖПК) 2017-жылдагы редакциясынын 359-беренесинин 2-бөлүгүндө каралган кылмыш ишин жасагандыгы үчүн айыпталып жаткан укук коргоочу Камилжан Рузиев байланыштуу кылмыш иши каралып жатат.

Акыйкатчы (Омбудсмен) Аппараты ал кармалып жана эркиндиги чектелген жайга киргизилгенден баштап жана иштин материалдары сотко өткөнгө чейин Камилжан Рузиевдин укуктарынын сакталышына парламенттик көзөмөл жүргүздү. Азыркы тапта соттук отурумдарга мониторинг жүргүзүлүүдө.

Тергөөнүн версиясына ылайык, Рузиевдин мыйзамга каршы аракети мындай болгон: «2020-жылдын 24-январында ал Каракол шаардык сотунун 2020-жылдын 24- январындагы токтомдоруна даттануу үчүн процесстик мөөнөттөрдү өткөрүп жибергенин негиздөө үчүн Ысык-Көл облустук «Балалык» медициналык медициналык борборунан жасалма маалымдама алууну чечип, 2020- жылдын 2-мартында медайым таанышына кайрылат. Медайым Рузиевдин өзүнүн пайдасы үчүн сот органдарын адаштырууга багытталган туура эмес чечимине макул болуп, 2020- жылдын 24-январынан 18-февралына чейин амбулатордук дарыланууда болгон деген жасалма маалымдаманы 2- мартта жазып берет. Текшере келгенде Рузиевдин амбулатордук картасында амбулаторлук дарылануудан өткөнү боюнча эч кандай жазуу жок болуп чыккан.

Акыйкатчы Камил Рузиевге байланыштуу кылмыш жоопкерчилигине тартуу иши боюнча тынчсыздануусун билдирет жана укук коргоочунун аракеттерине төмөнкү негиздер боюнча негизсиз баа берилген деп эсептейт:

Иштин материалдарында көрүнүп тургандай, жогоруда айтылган окуялардан улам тергөө органдары мыйзамга ылайык, ден соолугунун абалын текшерүү, оорунун жагдайлары жана оору, ишке жарамсыздыгы тууралуу расмий документти толтуруу жоопкерчилиги өзүнүн абалы тууралуу кайрылган адамда эмес, медициналык кызматкерде экендигине объективдүү баа берүүлөрү керек эле.