Марал Радиосу

Бажы кызматы кызматкерлерин аттестациядан өткөрдү

Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы 20-июлдан 9-августка чейин бажы органдарынын кызматкерлерин аттестациядан өткөрдү. Бул тууралуу Бажы кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Бардыгы болуп бажы органдарынын 406 кызматкери аттестациядан өттү, анын жыйынтыгында:

Аттестациянын максаты кызматкерлердин кызматтык жана кесиптик ишмердигине объективдүү баа берүү, алардын ээлеген кызматына ылайык келүүсүн, кесиптик даярдыгынын деңгээлин жана карьералык өсүү перспективаларын аныктоо болуп саналат.