Марал Радиосу

Жети айда 27 млрд сом камсыздандыруу төгүмдөрү чогулду

Мамлекеттик салык кызматы жети айда 27 млрд 819,6 млн сом камсыздандыруу төгүмдөрүн чогултту. Бул тууралуу Салык кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, план 2,5 %га же 679,6 млн сомго ашыгы менен аткарылган.

2021-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу камсыздандыруу төгүмдөрү 6 млрд 102,2 млн сомго көп чогултулду. Өсүү темпи 128,1%.