Марал Радиосу

Чолпон-Атада Араб координациялык тобунун төртүнчү жыйыны башталды

Бүгүн, 3-августта Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында Араб координациялык тобунун төртүнчү тегерек столу өтүүдө.

Жыйын Араб координациялык тобунун өкүлдөрү менен Кыргызстандын ортосундагы мамилелерди чыңдоого жана өнүктүрүүгө, жалпысынан экономика тармактарын өркүндөтүүгө арналган.

Учурда төртүнчү тегерек столдун алкагында 13 долбоорго каржылык колдоо тартуу иштери жүрүп жатат. Эгерде сунушталган инфраструктуралык долбоорлор колдоого алынса, тартылган каражаттар төмөнкү тармактарга багытталат:

Жыйындагы ачылыш сөзүндө Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев, Кыргызстан тегерек столдун жыйынтыгына чоң маани берерин жана Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүндөгү өнөктөштөрдүн колдоосуна чоң үмүт арта тургандыгын белгиледи.