Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров баштаган делегация Орусияга иш сапары алкагында «Сбербанк России» ачык акционердик коомуна барышты.
Ошондой эле Сколководогу СберУниверситетке, Хорошколага, Киберкоопсуздук борборуна жана Дата-борборуна барды.
Жолугушуулардын жүрүшүндө Сбербанктын өкүлдөрү акыркы эмгектерин көрсөтүштү. Тараптар ошондой эле учурдагы макроэкономикалык кырдаал боюнча пикир алмашып, пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты.
Өкмөт кыргыз делегациясы Москва шаарына Сбербанк башкармалыгынын төрагасы Герман Грефтин чакыруусу менен барганын билдирди.