Марал Радиосу

Президент УКМК башчысы менен эс алуудагы 38 сүрөтүн жарыялады

Президент Садыр Жапаров фейсбуктагы расмий баракчасына кичи мекенинде, тоодо ат минип жүргөң сүрөттөрүн жарыялады.

«Ата конушуна барып, Куран окуп кайттык», — деп жазган Жапаров.

Бир күн мурун Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин башчысы Камчыбек Ташиев да фейсбуктагы баракчасында Садыр Жапаров менен Каркыра жайлоосунда эс алуу учурунда түшкөн сүрөттөрүн жарыялаган. 

Садыр Жапаров Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Кең-Суу айылында туулган.