Марал Радиосу

Бишкектеги эски троллейбус линиялары жаңыланууда

«Бишкек троллейбус башкармалыгы» муниципалдык ишканасы шаардагы эскирген троллейбус линияларын алмаштырууда.

Мэриянын басма сөз кызматы билдиргендей, линияларды алмаштыруу иши 18-июлда башталган. Бир айдын ичинде эскирген линияларды алмаштыруу иштери аяктайт.

Мындан тышкары, троллейбус башкармалыгы шаардагы тирөөч мамыларды сырдап, көмөкчордондорду оңдоп-түзөөнү улантууда.