Марал Радиосу

Министр: Августта айлык акы 50% көтөрүлөт

Август айынан тарта бардык мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин айлык маянасы көтөрүлөт. Ал үчүн 7-8 млрд сом бөлүнөт.

Мындан тышкары, октябрь айынан тарта пенсиянын да көлөмү 50 пайызга көбөйтүлөт.

Бул тууралуу бүгүн, 20-июлда маалымат жыйынында Финансы министри Алмаз Бакетаев айтты.

«1-августтан тарта 58 миңге жакын мамлекеттик кызматкердин айлыгы көтөрүлүшүн күтүп жатышат», — деп кошумчалады ал.

Президент Садыр Жапаров парламенттин 30-июндагы жыйынында «Кумтөр» маселеси жолго коюлуп, бюджетке кошумча киреше түшүүсү камсыздалганын билдирген. Анын негизинде мугалимдердин, дарыгерлердин жана маданият тармагындагы кызматкерлердин айлык акысы апрелден тарта эселеп көтөрүлдү.

Эми калган тармактагы бардык мамлекеттик кызматкердин айлык акысын көтөрүү боюнча да конкреттүү пландар бар экенин билдирген.