Марал Радиосу

Мирлан Жакыпов кайрадан «Кыргызкөмүр» ишканасынын жетекчиси болду

«Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасынын башкы директору болуп кайрадан Мирлан Жакыпов дайындалды. Бул тууралуу аталган ишкананын басма сөз кызматы билдирди.

Энергетика министринин орун басары Тилек Айталиев Жакыповду ишкананын жамаатына тааныштырды.

Мирлан Жакыпов 2021-жылдын сентябрынан 2022-жылдын 24-майына чейин «Кыргызкөмүр» ишканасын жетектеген.

Андан кийин анын ордуна Элдияр Калдарбеков дайындалган.

33 жаштагы Элдияр Калдарбеков кызматтан алынганы бүгүн маалым болгон.