Марал Радиосу

Дагы 47 адамдан коронавирус аныкталды

Кыргызстанда акыркы бир суткада COVID-19 инфекциясынын 47 учуру аныкталды. Бул тууралуу 14-июлда Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаменти билдирди.

Анын ичинде:

— Бишкек шаарында 37;

— Чүй облусунда 7;

— Ош облусунда 3 учур катталды.

Ооруп калгандардын 40ы вирустун белгилери пайда болгонуна байланышту кайрылган, 7 адам ПЦР текшерүү учурунда аныкталган. Бейтаптардын бири ооруканага жаткырылды, калганы үйдөн дарыланууда.

13-июлда коронавирус 39 адамдан аныкталган эле.

Жалпысынан өлкөдө пандемия башталгандан бери 201 329 учур катталды.