Кыргызстандын мамлекеттик карызын тейлөөгө 2022-жылдын январь-июнь айларына республикалык бюджеттен 16,5 млрд сом каралган. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 540,3 миллион сомго көп.
Мындай маалыматты министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров өкмөттүн жыйынында айтты.
Анын ичинде:
– тышкы карызды тейлөөгө – 10,9 млрд сом;
– ички карызды тейлөөгө – 5,5 млрд жумшалды.
Өлкөнүн мамлекеттик карызын натыйжалуу башкаруунун алкагында төмөнкүдөй иш-чаралар өткөрүлдү:
— Финансы министрлиги менен Немец өнүктүрүү банкынын (KFW) ортосунда «Мамлекеттик ипотекалык компания» ААКнын 14,9 млн евро суммасындагы карызын конверсиялоо жөнүндө макулдашууга кол коюлду;
— 2022–2024-жылдарга мамлекеттик карызды башкаруунун жаңы стратегиясы кабыл алынды;
— Министрлер кабинети менен Франция өкмөтүнүн, Сауд өнүктүрүү фондунун жана Түркия өкмөтүнүн ортосунда үстүбүздөгү жылга карызды тейлөөнү токтотуу жөнүндө макулдашууларга кол коюлду.