Марал Радиосу

Кыргызстандан 6 тонна кумшекер алып чыгууга аракет кылгандар аныкталды

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан Кыргызстандын аймагынан Казакстанга кумшекерди мыйзамсыз алып чыгуу аракетине бөгөт коюлду.

УКМКнын маалыматына караганда, кыргызстандык жарандын башкаруусундагы «Мерседес-бенц» үлгүсүндөгү автоунаа менен 6 тонна кумшекерди алып чыгууга аракет кылуу фактысы аныкталды. Коштоочу документтерге ылайык, кумшекер тизмеге кирген эмес.

Министрлер кабинетинин токтомуна ылайык, кумшекерди жана анын түрлөрүн экспорттоого убактылуу тыюу салынган.