Марал Радиосу

ИИМ: Кылмыштуу топтун мүчөсү «положенец» кармалды (видео)

ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын түштүк аймагы боюнча уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери тарабынан крим чөйрөсүндө «положенец» макамы менен жүргөн жаран кармалды.

Министрликтин маалыматына караганда, Жалал-Абад облусунун тургуну милицияга арыз менен кайрылып, 2018-жылдын күзүндө алгач коркутуу жолу менен акча талап кылып, акча ала албай калганда күч колдонуп, «ВАЗ-2106» үлгүсүндөгү унаасын тартып алган чала тааныш “Н” аттуу жаранга карата чара көрүүнү суранган.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренеси (тоноо) менен кылмыш иши козголгон.

Жалал-Абад облусунун Алабука районунда жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө, кылмышка шектүү катары  мурда бир нече жолу соттолгон, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турган жана «положенец» макамына ээ Алабука районунун 1990-жылы туулган А.Н. аттуу жараны кармалды.

Учурда ал Жалал-Абад шаарындагы убактылуу кармоочу жайга киргизилди, тергөө иштери жүрүп жатат.