Марал Радиосу

ККМ-чек чогултуу лотереясында 52 адам байге алды (тизмеси)

Кечээ, 1-июлда Бишкек шаарынын «Ала-Тоо» аянтында Мамлекеттик салык кызматы «Чек талап кылып, байге утуп ал!» лотереясын ойнотту.

Салык кызматы билдиргендей, лотереяга «Салым чек» тиркемеси аркылуу сканерленген кассалык чектердин суммасынан түзүлгөн 3 млн 449 миң 959 билет катышкан. Жеңүүчүлөр сандарды туш келди тандоо (рандом) ыкмасы менен аныкталган.

Байге ээлери деп төмөнкүлөр табылды:

KIA Rio автоунаасы 

Hyundai Creta автоунаасы

iPhone 13

iPhone 12

Samsung А33 смартфону

микротолкундуу меш

Чаң соргуч

Телевизор

Кир жуугуч машина

Муздаткыч

Ысык-Көлдөгү пансионатка жолдомо

Иш-чара концерт жана шоу-программалар менен коштолду. Ал УТРКнын «Ала-Тоо 24» телеканалынан, Салык кызматынын Facebook баракчасынан, Youtube-каналынан түз эфирде көрсөтүлдү.

Айта кетсек, лотерея 10-майда башталган. Кийинки этапта баш байгеге Бишкектен батир ойнотулары кабарланды.

ККМ-чек чогултуу лотереясында автоунааны ат-башылык алды