Марал Радиосу

Түркияда маймыл чечегинин алгачкы учуру катталды

Түркияда маймыл чечегинин алгачкы учуру катталганын өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министри Фахреттин Кожа Твиттердеги баракчасына жазды.

Анын айтуусуна караганда, 37 жаштагы бейтап изоляцияга алынган. Жакындары, катыштары да текшерилип, алардан оору аныкталган эмес.

Маймыл чечеги алгач Африка континентинде катталган. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму Африкадан тышкары Европа өлкөлөрү, АКШ, Канада жана Австралияда 100гө жакын адамдан аныкталганын жарыялады. Ошондой эле Европа аймагында жай айларында тездик менен тарашы ыктымал экенин эскертти

Үсөнбаев: Маймыл чечеги келбейт деп эч ким кепилдик бере албайт