БУУнун Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Озонниа Ожиело Кыргызстандын өнүгүүсүнө кошкон салымы жана COVID-19 пандемиясы учурунда эл аралык жардамды уюштуруудагы өзгөчө эмгеги үчүн – «Даңк» медалы менен сыйланды.
Сыйлыкты министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 23-июнда тапшырды.
Акылбек Жапаров Бириккен улуттар уюмуна Кыргызстандын туруктуу өнүгүүсү, адам укуктарын коргоо, гендердик теңчилик, демократиялык институттарды өнүктүрүү, мыйзам үстөмдүгүн бекемдөө, саламаттыкты сактоо, азык-түлүк коопсуздугу, терроризмге жана экстремизмге каршы күрөшүү, ошондой эле баңг затын мыйзамсыз жүгүртүү маселесинде олуттуу жардам көрсөткөнү үчүн ыраазычылык билдирди.
Озонниа Ожиелонун Кыргызстандагы дипломатиялык миссиясы аяктоодо. Ал Кыргызстанда 2017-жылдан тарта иштеп келген.