Марал Радиосу

Ош шаарында тез тамактануучу жайдан өрт чыкты (видео)

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдын ала маалыматы боюнча, Ош шаарынын Курманжан Датка көчөсүндө жайгашкан «Дамак» тез тамактануучу жайынан өрт чыккан.

Аны өчүрүүгө саат 11:50дө Ош шаардык №12 Өрткө каршы бөлүмүнөн жалпы 4 бөлүм, ШТАБ жана Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун Көчмө башкаруу пунктунун ыкчам тобу тартылган.

Өрт 12:30да чектөөгө алынып, учурда толук өчүрүү жүрүп жатат.