Марал Радиосу

Алтынбек Эргешов ээлеген кызматынан бошотулду

Алтынбек Эргешов Президенттин жана Министрлер кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын начальниги кызматынан бошотулду. Бул тууралуу Президенттик администрациядан билдиришти.

Тиешелүү жарлыкка кечээ, 13-июнда президент Садыр Жапаров кол койгон.

Алтынбек Эргешов чечимдерди даярдоо башкармалыгынын башчысы болуп, өткөн жылдын 18-октябрында дайындалган болчу.