Марал Радиосу

Казакстандагы турнирде Кыргызстандын балбандары 10 медаль алды

2-июндан 5-июнга чейин Казакстандын Алматы шаарында өткөн күрөш боюнча Bolat Turlykhanov Cup эл аралык рейтингдик турниринен Кыргызстандын балбандары 10 медаль менен кайтып келишти.

Турнирге грек-рим күрөшүнөн 11, кыз-келиндер күрөшүнөн 1, эркин күрөштөн 7 балбан (жалпы 19 балбан) жөнөтүлгөн. Алар Кыргызстандын байге куржунуна төрт алтын, бир күмүш, беш коло медаль салышты.

Грек-рим күрөшүнөн:

Кыз-келиндер күрөшүнөн:

Эркин күрөштөн:

Айта кетсек, эл аралык рейтингдик турнирге 25 өлкө балбандарын жөнөткөн. Кыргызстан жалпы командалык эсепте бешинчи орунду ээледи.