Марал Радиосу

Нарын: Мектеп бүтүрүүчүлөрү аз камсыз болгон 9 үй-бүлөгө үй белек кылышты

Нарын шаарында мектеп бүтүрүүчүлөрүнөн аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө турак үйлөр белек кылынды. Бул тууралуу президенттин Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Нарын шаарында орто мектептерди 2012-жылы бүтүргөндөр аз камсыз болгон тогуз үй-бүлөгө турак үйлөрдүн ачкычын тапшырышты.

Нарын шаарындагы «Ала Тоо» стадионунда өткөрүлгөн үйдүн ачкычтарын тапшыруу иш-чарасына облус жетекчиси Сабыркул Ашимбаев катышып, айкөлдүк менен сооп иш жасап жаткан жаштардын ынтымагына Нарын облусунун элинин жана өзүнүн атынан терең ыраазычылык билдирди. Демилгелүү муундардын өкүлдөрүнө жакшы тилегин жолдоп, ыраазычылык каттарын тапшырды.