Марал Радиосу

Кыргызстандык Айсулуу Түштүк Кореяда шаардык кеңештин депутаты болду

Кыргызстандык Айсулуу Аширалиева Түштүк Кореянын борбору Сеул шаарынын депутаттыгына шайланды. Бул тууралуу элчи Аида Исмаилова «Фейсбук» баракчасы аркылуу кабарлады.

Түштүк Кореяда жергиликтүү кеңештерге шайлоо кечээ, 1-июнда өткөн.

«Көп адамды жеңип, биздин кыргыз кызыбыз Айсулуу Аширалиева Сеул шаарынын жергиликтүү кеңешинин депутаттык кызматына шайланышы менен чын жүрөктөн куттуктайм. Айсулуу айым биз сиз менен сыймыктанабыз, чың ден-соолук, бакубатчылык жана жоопту кызматыңызда ийгиликтер коштоп жүрүшүнө тилектешмин», — деди элчи өз куттуктоосунда.

Айсулуу Аширалиева Талас облусунда туулган. 2004-жылдан бери Сеул шаарында жашап, эмгектенип келет. Ал Борбор Азиянын балдар-кыздарынан түзүлгөн «Ай-Пери» бий тобун, ушул эле аталыштагы маданий бирикмени жетектейт.

Кореядагы кыргыз тамада: Бул жакта тойлор 1 саат эле болот