Марал Радиосу

Каныбек Туманбаев президенттин иш башкаруучусу болду

Каныбек Туманбаев президенттин иш башкаруучусу болуп дайындалды. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон.

Президент Садыр Жапаровдун башка бир жарлыгына ылайык, башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу Тилек Батырканов президенттин иш башкаруучусу кызматынан бошотулду.

Каныбек Туманбаев 2020-жылы октябрда өткөн парламенттик шайлоодо «Биримдик» партиясынан талапкер болгон. Интернет булактарында ал курулуш компаниясынын жетекчиси экендиги көрсөтүлгөн.