Марал Радиосу

Нурланов: Учурда дээрлик бардык кесиптерде санариптик сабаттуулук талап кылынат

Азыркы тапта дээрлик бардык кесиптерде санариптик сабаттуулук талап кылынат. Бул тууралуу Кыргыз Интернет Коомунун «Санарип Инсан» долбоорунун өнөктөштүктү өнүктүрүү боюнча өкүлү Ажыбек Нурланов «Маралдын» эфиринде билдирди.

Ал санариптик сабаттуулук жана санариптик көндүмдөр тууралуу түшүндүрүп, бул ар бир инсанга зарыл боло турган нерсе деп айтты.

Санариптик сабаттуулук – бул компьютер аркылуу жөнөкөй программалар менен иштей билүү. Эгер инсан ушуну жакшы өздөштүрүп алса санариптик көндүмдөргө чоң мүмкүнчүлүктөр ачылат.

Санариптик көндүмдөр – бул учурда колу менен жасап жаткан ишин компьютердеги программалар аркылуу ишке ашырып (проектирование, моделирование), аны сата билүүсү.

Нурлановдун билдиришинче, санариптик экономика азыркы салттуу экономиканын өсүшүнө чоң салым кошо алат. Эгер жарандардын 90%ы керектелүүчү кесиптердин санариптик көндүмдөрүнө ээ болуп, аны монетизация кылганды үйрөнсө, ошондо өлкөдө санариптик өнүгүү орун алып, санариптик экономикага кирүү оңой жана бат болуп, өлкө өнүгүү жолуна кадам таштайт.

«Санарип инсан» — шаар менен айыл тургундарынын жашоо деңгээлин теңдештирет