Марал Радиосу

USAID Кыргызстанга 31 млн сомдук медициналык жабдууларды берди

АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги (USAID) Кыргызстанга баасы 31 миллион сомду түзгөн лабораториялык, сервердик жана диагностикалык жабдууларды берди.

Медициналык жабдуулар бүгүн, 28-апрелде саламаттыкты сактоо министринин орун басары Улук-Бек Бектургановдун катышуусунда тапшырылды.

Алар Кыргызстанга COVID-19 эпидемиясынын алдын алууга, аныктоого жана күрөшүүгө жардам берет. Каражат USAIDдин саламаттыкты сактоо системаларынын туруктуулугун чыңдоо долбоорунун эсебинен келген.