Марал Радиосу

Ажылык сапарга баруу үчүн Кыргызстанга 2766 квота бөлүндү

19-апрелде Сауд Аравиянын Ажылык жана умра министрлиги 2022-жылдагы ажылык сапары үчүн Кыргызстанга 2766 квота бөлдү. Бул тууралуу Муфтияттан билдиришти.

Ажылыкты уюштуруу боюнча Сауд Аравия чукул маалымат тараткандыктан, убакыттын тар экенин эскертүү менен 2019-2020-жылдары ажылык сапарына баруу үчүн электрондук тизмеге катталып, кезек күтүп турган талапкерлер 25-апрелден тарта төлөмдөрдү жүргүзө баштайт. Бирок суммасы айтыла элек.

Ажылык сапардын төлөмдөрү беш күн ичинде жүргүзүлүүсү шарт.

Сауд Аравиянын Ажылык жана умра министрлигинин чет элдик ажыларга койгон талаптары:

Сауд Аравиясы чет элдиктерге ажылыкка барууга уруксат берди