Марал Радиосу

Гепатит күч алып баратканы тынчсыздануу жаратууда

Гепатит дартынын оор  түрүнө чалдыккандар учурда 100 миң адамга миң адам туура келет. Адистердин айтымында, мунун алдын алуу чаралары көрүлбөсө, 2040-жылы каза болгондордун саны ВИЧ, кургак учуктан эки эсе өсүп кетүү коркунучу бар. Гепатит көбүнчө тиш дарылоочу жайлардан, чачтарач жана сулуулук салондорунан жугат. Гепатиттин вирусу оңой менен өлбөйт, айрым дезинфекциялоочу заттарга туруштук бере алат. Аны дарылоо узак убакытты талап кылат.

Бишкектеги №6 тиш дарылоо клиникасынын башкы дарыгери Ренат Мааланбай уулу гепатит эмнеден пайда болорун айтып берди.

«Гепатит башка вирустардай болуп, жугар замат билинбейт. Бир жыл же андан да көп убакыт өтүп кеткен соң гана оорунун симптомдору байкала баштайт. Бул учурда бейтаптар кайсы жерден, качан жуктуруп алганын билбей да калат. Өкүнүчтүүсү, вирусту алып жүргөн убагында башкаларга да жугузуп койгону болот. Оору кандай жол менен жугат?

Дарыгер кошумчалагандай, жеке клиникаларда көзөмөл аз болгондуктан оорунун күчөшүнүн бирден бир себеби болууда.

Буга чейин Саламаттыкты сактоо министрлиги боорду жабыркаткан гепатит оорусунун оор деген «В» жана «С» түрлөрүнүн 85%ы байкалбай турганын, бирок оорулуу адам башкаларга жугузуп жүрө берерин билдирген.

Бүгүнкү күндө министрлик тарабынан жеке клиникалар текшерүүдөн өтүп жатат. Бишкек шаары боюнча 70 стоматологиялык клиника, кеңсе текшерилди, алардын 19унун медициналык иш жүргүзүүгө уруксаты жок экени аныкталды. Аларга калктын саламаттыгын сактоо мыйзамдарын бузганы үчүн 300 миң сом өлчөмүндөгү протокол түзүлүп, укук коргоо органдары тарабынан мыйзамга ылайык чаралар көрүлүүдө.

2020-жылы өлкөдө жугуштуу гепатит 4 миң 805 адамдан аныкталса, 2019-жылы 6 миң 600 кишиден табылган. Дарыгерлер гепатиттин «В» түрүнө кабылгандар жүздөп-миңдеп санала турганын айтышып, аны жапырт эмдөө жүргүзүү аркылуу алдын алса болорун белгилешет.

Статистикалык маалыматтар боюнча, дүйнө жүзүндө 170 миллиондой адам өнөкөт гепатит С менен ооруйт. Бейтаптар жыл сайын болжолдуу 4 миллионго көбөйүп жүрүп отурат. Бирок оорунун жайылышы бардык өлкөдө бирдей эмес.