Марал Радиосу

ӨКМ: Чек арадагы айылдарды эвакуациялоого азырынча муктаждык жок

Лейлек районундагы  Максат, Арка, Достук, Жаштык, Бешкент айылдарынын тургундарын эвакуациялоого азырынча муктаждык жок. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Азыркы тапта ӨКМ абалга көз салып турат. Эгер муктаждык жаралса, анда жай тургундарды көчүрүү иштери башталат. Буга чейин жогоруда аталган айыл тургундары Тажикстандын чек арачылары миномёт менен ок чыгарганда үйлөрүн таштап кача баштаганы айтылган.

Чек ара кызматы учурда тажик тарап миномёт менен атууну токтотконун кабарлады. Чек арада кырдаал курч. Сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

Белгилей кетсек, бүгүн кечки саат 21:17де тажик чек арачылары миномёт менен Кыргызстандын Достук айылы тарапка ок чыгарган. Натыйжада кыргызстандык аскер жаракат алып, учурда ооруканада. Анын абал оор экени айтылды.

Эми Баткен районунда. Тажик тарап маал-маалы менен ок чыгарууда

Exit mobile version