Марал Радиосу

Айрым жергиликтүү кеңештерге шайлоо өтүп жатат

Бүгүн, 10-апрелде 3 шаардык, 13 айылдык кеңешке депутат шайлоо өтүп жатат. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы кабарлады.

Таш-Көмүр, Токтогул, Кара-Балта шаардык кеңештеринин жана 13 айылдык кеңештин депутаттыгына жалпы 1318 талапкер катталган. Булардын 336сы шайланып келүүгө тийиш.

3 шаардык кеңеште 93 мандат бар, ага 827 талапкер катталып, 4 талапкер шайлоодон четтетилген. Учурда 823 талапкер ат салышып жатат.

Ал эми 13 айылдык кеңештеги 243 мандат үчүн 491 талапкер катышып жатат. Булардын ичинен 160ы аял талапкерлер. Айта кетсек, 243 мандаттын 96сы аялдарга берилет.

Депутат шайлоо өтүп жаткан жергиликтүү кеңештердин тизмеси: