Марал Радиосу

Ысык-Көлдө «Байрактар» менен тактикалык машыгуу өтүүдө

Бүгүн, 31-мартта Ысык-Көл облусунда «Калкан-2022» атайын тактикалык машыгуусу өтүүдө. Президент Садыр Жапаров Балыкчы шаарындагы Коргоо министрлигинин «Эдельвейс» окуу борборунун базасында өтүп жаткан машыгууга көз салууда.

Машыгуунун негизги максаты чек арадан өтүп келген шарттуу душманды жок кылуу боюнча күч түзүмдөрүнүн аракеттеринин ырааттуулугун иштеп чыгуу болуп эсептелет.

Машыгууга Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин, Коргоо министрлигинин, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жана Ички иштер министрлигинин бөлүмдөрү катышууда.

Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн тарыхында биринчи жолу УКМК Чек ара кызматынын куралдануусундагы «Байрактар ТБ-2» сокку уруучу учкучсуз учактары колдонулат.

Чек ара кызматынын аскерлери куралданган «Байрактар ТБ-2» сокку уруучу учкучсуз учактары 2021-жылы республикалык бюджеттин каражаттарына сатып алынган.

Ташиев: Эми өлкө «Байрактар» менен кошумча кайтарылат