Марал Радиосу

Искендер Матраимов КМШ ПААнын көзөмөл комиссиясына төрага болду

Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн Парламенттер аралык ассамблеясынын Көзөмөл-бюджеттик комиссиясынын төрагасы болуп шайланды.

Бул тууралуу 29-мартта Алматы шаарында өтүп жаткан КМШ ПААнын Кеңешинин мааракелик отурумунда айтылды.

Отурумда аталган кеңештин башкы катчысын дайындоо маселеси каралып, жетекчиликке кайрадан Дмитрий Кобицкий дайындалды.

Ал эми Көзөмөл-бюджеттик комиссиясынын төрагалыгына буга чейин сунушталган Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимовдун талапкерлиги бекитилди.

Эскерте кетсек, КМШ ПААнын Көзөмөл-бюджеттик комиссиясынын ушул жылдын февраль айында өткөн жыйынында Искендер Матраимовду төрага кылып шайлоо чечими кабыл алынган.

Талант Мамытов Матвиенконун колунан сыйлык алды