Марал Радиосу

Орусия менен Украинанын Стамбулдагы сүйлөшүүлөрү аяктады

Орусия менен Украинанын Стамбулдагы сүйлөшүүлөрү аяктады. Бул тууралуу Түркиянын басылмалары жазды.

Өкүлдөрдү тосуп алган Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган алгач сөз сүйлөп, эки тараптын элдешүүсүн бүтүн дүйнө күтүп жатканын, бүгүнкү кездешүүдөн жакшы натыйжа чыгарына үмүтү зор экенин айтты.

Долмабахче сарайында уюштурулган жолугушуу 4 сааттан ашык убакытка созулду. Адегенде эки тараптын делегация башчылары жекече кездешип, андан соң жалпы отурумга өтүштү.

Украина өкүлчүлүгүнүн мүчөсү, Жогорку Рададагы «Эл кызматчысы» фракциясынын лидери Давид Арахамия эки тараптын коопсуздугу үчүн кепилдик берүүчү 8 өлкөнүн катарынан Түркияны да көргүсү келерин айткан.

Украина өкүлчүлүгү бүгүнкү сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча коопсуздук кепилдигинде түшүнүшүү мүмкүн болбогонун, эки жуманын ичинде дагы жолугушуу өткөрүү чечимин кабыл алышканын маалымдаган.

Ал эми Орусия тарап бул жолугушуу туурасында билдирүү жасай элек. Алдыда орус өкүлчүлүгүнүн башчысы Михаил Подоляктын кайрылуу жасаары күтүлүп жатат.

Орусия менен Украинанын өкүлдөрү Түркияга барышты