Марал Радиосу

COVID-19: Бир бейтап каза болуп, 13 учур жаңы катталды

Кыргызстанда 17-мартка карата дагы 13 адамдан коронавирус  аныкталды. Бишкек шаарында – 10, Чүй облусунда – 2, Ош облусунда – 1 адамдан илдет табылган.

Өлкөдө пандемия башталгандан бери 200 миң 776 адамга коронавирус жукту.

Акыркы суткада бир бейтап каза болуп, жалпы өлүм учурлары 2 миң 976га жетти.

Соңку суткада дагы 39 адам илдеттен сакайып, жалпы айыккандар 195 миң 985 киши болду.

Бүгүнкү күндө ооруканада 109, үйдө 122 адам дарыланууда.