Кыргызгидромет борборунун маалыматы боюнча, эртең, 17-мартта түнкүсүн Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.
Күндүз Чүй, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоо этектеринде, Ош, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда кар жаайт.
Жолдорго муз тоңот. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +9…+14;
Талас облусунда түнкүсүн 0…+5, күндүз +7…+12;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +5…+10, күндүз +17…+22;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 0…+5, күндүз +7…+12;
Нарын облусунда түнкүсүн -1…+4, күндүз +6…+11;
Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн +3…+5, күндүз +11…+13 градус болот.