Марал Радиосу

130 миңден ашык жаран бирдиктүү салык декларациясын тапшырды

Бүгүн, 11-мартка карата 131 миң 781 салык төлөөчү бирдиктүү салык декларациясын тапшырды, анын ичинен 114 миң 976сы электрондук түрдө өткөргөн.

Алардын ичинен 47 миң 931 юридикалык жак, 45 миң 267 жеке ишкер, 15 миң 867 жеке жак, 4738 салык салынуучу кирешеси жок жеке жак, ошондой эле 17 миң 978 мамлекеттик жана муниципалдык кызматкер.

1-апрелде жеке жактар үчүн бирдиктүү салык декларациясын тапшыруу мөөнөтү аяктайт.

Декларацияны төмөнкүлөр тапшырууга милдеттүү: