Марал Радиосу

Украинанын Башкы штабы орус армиясы 11 миң аскерин жоготконун билдирди

Орус армиясы Украинадагы аскердик операцияларында 7-мартка карата 11 миң аскерин жоготту. Бул маалымат Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы «Фейсбукка» жарыялаган кыскача баяндамада айтылат.

Башкы штабдын маалыматы боюнча, Орусия Федерациясынын армиясы 24.02-07.03 күндөр аралыгында болжол менен төмөнкүдөй жоготууларга учураган:

Штабдын маалыматына караганда, 7-мартка караган түнү Чернигов, Харьков, Николаев шаарлары абадан сокку урууга учураган, Житомир облусунда аткылоо орун алган. Учурда Херсон жана Сумы облустарында абал оор бойдон калууда.