Орусия Украинанын аймагына бастырып киргенден бери алты күн өтүп, бүгүн жетинчи күнгө өттү. Согуштун алтынчы күнү Орусия Харьков жана Киевге артиллериялык чабуулдарын арттырды.
Акыркы сааттарга алынган окуялар тизмеги:
- Байден Америка аскерлери Украинага барбай турганын, бирок Европадагы НАТО мүчөлөрүн коргой турганын билдирди;
- АКШ аба мейкиндиктерин Орусиянын учактары үчүн жапты;
- ExxonMobil компаниясы «Сахалин-1» долбоорунан чыга турганын жарыялады;
- Boeing Орусия авиакомпанияларына техникалык кызмат көрсөтүүлөрүн токтотту;
- Канада Дмитрий Медведев, Сергей Собянин, Александр Беглов жана башка бир катар орусиялык таасирдүү инсандарга карата санкциялар киргизди;
- Мордовия жетекчиси Артем Здунов Украинада каза тапкан полковник Виктор Исайкин тууралуу жарыялады;
- Ford Орусиядагы иштерин токто турганын жарыялады;
- 160тан ашык Нобел сыйлыгынын лауреаттары Украинага карата агрессияны токтотуу талабын коюп, ачык катка кол коюшту.